​Каныкей: “Тигүүчүлүк ар бир аялга керектүү өнөр”

7-Сен. 2017, Бейшемби, 17:26

Москвада “Каныкей Батырова” мода үйүн негиздеп Россияда эмгектенген мигрант кыз-келиндерге тикмечиликти үйрөтүүнү максат кылган Каныкей Батырова учурда жазап жаткан иштери менен бөлүштү.

Каныкей Батырова Баткен областынын Лейлек районунун кулуну. Кесиби боюнча бухгалтер Улуттук университетинде билим алган. Алты жылдан бери Москва шаарында эмгектенип жүрөт. Учурда мода үйүн ачып, кыз-келиндерди тикмечилик өнөрүн үйрөтүү максатын ишке ашыруу менен алек болуп жаткан кези.

Мен бала чагымда эле тикмечилике кызыкчумун. Өз кийимдеримди жана сиңдилеримдин кийимдерин өзүм тигип берер элем. Менде модага болгон табит башкача жана өзгөчө дизайн жаратканды жакшы көрөм. Көбүнчө өзүмө дизайн ойлоп таап тигип кийем бул менин бала чагымдагы кыялым азыркы учурда хоббим. Мен Бишкекте жана Москвада ушул тармакта окуп өздөштүрдүм. Эми азыр башкаларга үйрөтүүнү максат кылып жатам”

Каарманыбыздын пикиринде тигүүчүлүк өнөрү ар бир аялзатына керектүү өнөр.

“Биздин кыз-келиндер пол жууп үй жыйнап иштебесе алар болочоктогу эне, жар боло турган зат деп аларды көргөндө жаман болуп кетет элем. Ушундан улам тигүүчүлүк мектебин ачуу идеясы жаралды. Тигүүчүлүк кесипти өздөштүрүп алса, эч жерде оор жумуш кылбай өзүнүн жанын жеңил багып кете алат деген ойдомун. Себеби керектүү кесип, ар бир аял өзүнүн көйнөгүн же жолдошунун кийимдерин оңдоп түзөш керек болсо ательеге кайрылат. Ошондой эле биздин Кыргызстан Түркиянын ордун ээлеген тигүү тармагына айланып баражатат”.

Өзү үчүн тигилген көйнөктөргө кызыккандар көп болгондуктан мода үйүн ачууга түрткү болгон.

“Ал эми мода үйүн ачуумдун себеби заманбап, жөнөкөй ошол эле учурда жабык кийим табуу кыйын болду. Ошого байланыштуу мен өзүмө дизайн ойлоп таап өзүм тигип кийе баштадым. Кайсыл жерге барбайын кайсыл жерден алдың? деген суроолор көп болду. Бир жолу эжелерге мода үйүн жакында ачам деп байкабай озуман сөз чыгып кеткен. Айттыңбы эми жасашың керек деп аз убакыттын ичинде ишке ашырып калдым”.

Алдыга койгон бийик максаттары бар экендигин жашырган жок.

Сунуштар түшүп жатат, буюрса Бишкек, Ош шаарларына, Казакстанга ушундай мектептерди ачып калабыз деген оюбуз бар.

Ошондой эле Учурда эл аралык журнал чыгаруу үчүн аракет кылып жатам. Бул журналдын максаты кесиптештер менен тажрыйба алмашуу, ошондой эле башка өлкөлөр менен достугубузду чыңдоо. Журнал тигүүчүлүк тармагындагы ишкерлер биргеликте чоң-чоң долбоорлорду баштаганга түрткү болот деген ойдомун.

Каарманыбыз кайрымдуулук иштеринда четте калтырган эмес.

Менин жазап жаткан иштеримде кайрымдуулук долбоору да бар, ал мүмкүнчүлүгү чектелген, жана каражаттан кыйналган бирок ушул тармакта билиим алгысы, өздөштүргүсү келген мекендештерди акысыз окутабыз

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!