Парламент виза келишимин жактырды

7-Сен. 2017, Бейшемби, 18:02

Жогорку Кеңештин 7-сентябрда болуп өткөн жыйынында эл өкүлдөрү Кыргыз өкмөтү менен Бразилия жана Марокко өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана расмий кызматтык паспортторунун ээлерине визалык талаптарды алып салуу боюнча документи боюнча мыйзам долбоорду жактырды.

Келишимге ылайык улуттук дипломатиялык жана кызматтык паспорттун ээлери өлкөнүн аймагына кирип чыгууда виза алуу жана башка өлкөнүн аймагына баруу мөөнөтү 90 күн жүрүү каралган.

Келишимдин ратификацияланышы Кыргызстандын жарандары жана Бразилия федеративдик респуликасынын жана Марокко королдугунун димпломатиялык жана расмий кызматтык паспортторунун ээлери үчүн карым-катнашты жеңилдетет. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык карым катнашты өнүктүрүү үчүн эки тараптуу келишим-укук базаларын кеңейтетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!