“Мени ук!” Майыптардын жөө жүрүшү

8-Сен. 2017, Жума, 12:47

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 200 чамалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жөө жүрүшкө чыгышты.

Жүрүш түштүк магистралдын Манас кең көчөсүнөн башталып, Абдрахманов көчөсүнө чейин уланды. Алар колдоруна ар кандай талаптар жазылган лозунгдарды кармап алышып, коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет жасады.

Акциянын катышуучуларынын башкы талабы - Бириккен улуттар уюмунун майып жарандардын укугу тууралуу конвенциясын Жогорку Кеңештин депутаттары ратификациялоосу болду.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тилектештигин билдирип мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев да келишкен. Аны менен бирге өз алдынча баса албаган жарандарды жакындары коштоп келишкен.

Белгилей кетсек, 2011-жылы Кыргызстан аталган конвенцияга кошулуу тууралуу документке кол койгон. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар буга чейин да бир нече жолу БУУнун конвенциясын ратификациялоону талап кылып, ар кандай акцияларды уюштурушкан.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 170 миң. Аларга ай сайын берилип жаткан жөлөк пулдун өлчөмү 3000 сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!