Эс алуусун эмгек менен өткөргөн карыялар

12-Сен. 2017, Шейшемби, 16:10

Борбор калаанын четиндеги жети жаңы конушта улгайган адамдар өз ара биригип күнөскана иштетип, тоок, бөдөнө, эчки багып, айтор карылык доорун пайдалуу жана кызыктуу өткөрүп жатышат.

Карыяларга “Арыш” коомдук бирикмеси кол сунуп, күнөскана ачып, алгачкы түшүмүн алганга чейин каржылык колдоо көрсөткөн.

Уюштуруучулар белгилегендей, улгайган кишилер эң оболу карылыкка бет ала баштаган мезгилде пайдалуу иш менен алектенип, бири-бири менен баарлашып, тажрыйба бөлүшүп, айтор карылык доорун кызыктуу өткөрүүсү үчүн “Кадырлуу карылык” долбоору иштелип чыккан.

Үй ээлери күнөскана иштетсе, кожойкелер түшүмдү консервациялап, жаңы конуштагы жашоочуларды экологиялык жактан таза азык-түлүктөр менен камсыздап турушат.

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Жеңиш” жаңы конушунда күнөскана иштеткен, тоок, бөдөнө баккан карыялардын иши менен таанышуу максатында атайын пресс-тур уюштурулду.

Иш-чарада күнөскана ээси аны иштетүү сырлары менен бөлүшсө, үй кожойкеси конуштагы аялдарга кыям, шербет, салат жасоо, жашылча туздоонун сырларын көрсөтүп берди.

Үй кожойкелеринин жашылча-жемиштерди консервациялоодогу түйшүгүн жеңилдетүү үчүн керектүү ашкана буюмдары берилди

65 жаштагы Сыпабүбү апанын жашылча туздоо, кыям, шербет жасоо боюнча мастер-классына катышкан аял

Сыпабүбү апа өз тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат

Марзия апанын күнүмдүк эрмеги бөдөнөлөрду кароо

Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруларга даба

Бөдөнө да жаш баладай камкордукту талап кылат

Жаңы конуштун жашоочулары

Сыпабүбү апанын "шедеврлери"

"Кадырлуу карылык"

Мыйманбай Мамыров 0,5 сотых жерден күнүнө 25 кило бадыраң алат

Тоок багуу да бул үй-бүлөлөрдүн негизги кирешесине айланган

"Кышка даярбыз!"

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!