Унаалар кагышып, бир жаран каза болду

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:57

Ысык-Көл областында эки жеңил унаа кыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 17-сентбрь күнү күндүзгү саат 13.45 чамасында Балыкчы- Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 91-чакырымында Lexus менен Volkswagen жеңил унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Volkswagen унаасындагы 3 жүргүнчү оор жаракат алып, алардын бири ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!