​Аял өзүн өрттөп жиберди

19-Сен. 2017, Шейшемби, 14:53

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 53 жаштагы аял өзүнө өрт койду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 19-сентябрда эртең мененки саат 7.30да денесинин 70-80 пайызы күйгөн аял ооруканага жеткирилген. Ал Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Х.М. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Бул жаран жакында эле психикалык ооруканадан чыккан. Буга чейин дагы өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!