​Жуманын соңунда аба-ырайы бузулат

19-Сен. 2017, Шейшемби, 16:16

23-24-сентябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаашы мүмкүн. Ал эми тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Өлкөнүн айрым райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

24-сентябрда Чүй, Талас облустарында аба-ырайы күндүзү +13 +18, түнү +3 +8, градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда күндүзү - +16 +21, түнкүсүн - +7 +12, болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүзү - +10 +15, түнү - +4 +9, болот.

25-26-сентябрда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына үшүк жүрөт. Аба-ырайы -1 -2 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!