​Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны өстү

19-Сен. 2017, Шейшемби, 18:00

Үстүбүздөгү жылы Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 27 пайызга өскөн. Бул тууралуу Кыргызстандын миграция кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын январь-август айларынын аралыгында 365 миң кыргызстандык жаран Россияга иштөөгө кеткен.

Өткөн 8 айдын ичинде мигранттар тарабынан 1 миң 419 кылмыш жасалган. Анын 246сы оор, 374ү талап-тоноо, 85и экономикалык кылмыш, 55и маңзатты сатуу аракетине жана 11 террордук акты боюнча иш козголгон. Ушул убакыттын ичинде 27 кыргызстандык Россиядан чыгартылган.

Кыргызстандыктарга 1 миң 638 жолу айып пул салынган, жалпы 66,8 млн. рубль айып төлөшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!