​Тез жардам унаасы кырсыкка кабылды

​Тез жардам унаасы кырсыкка кабылды
20-Сен. 2017, Шаршемби, 12:10

Тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, бир дарыгер ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн таңкы саат 5.00дө болгон. Тез жардам кызматынын реанимация бөлүмү Арча-Бешик жаңы конушунан бейтапты алып, ооруканага кетип бара жаткан.

Болжолдуу маалыматтка караганда, тез жардам унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бараткан иттен качып унааны буруп жибергенден улам унаа оодарылып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!