​Линкольндун эстелигине чийген кыргыз жараны кармалды

​Линкольндун эстелигине чийген кыргыз жараны кармалды
20-Сен. 2017, Шаршемби, 12:55

Вашингтондо Кыргызстандын жараны вандализм үчүн кармалды. Бул тууралуу New York Daily News билдирди.

Маалыматка караганда, 18-сентябрда Вашингтондо 21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров тыйын менен Линкольндун айкелин кырып, “НУРТ МАЕК” деп жазгандыгы үчүн кармалды.

АКШнын полициясынын билдирүүсүндө, Кыргызстандын жараны 10 жылга эркинен ажыратылып, 25 миң доллар айып пул төлөшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!