​Калыс: “Капчыгайды туристтердин сүйүктүү жерине айлантам”

22-Сен. 2017, Жума, 09:57

Ат-Башы районундагы “Кайыңды” капчыгайын жергиликтүү эс алуучулардын жана чет өлкөлүк туристтердин сүйүктүү жерине айлантуу максатын коюп, учурда ошонун үстүнө иштеп жаткан Калыс Камбарбеков бизге өз максаттары тууралуу пикир бөлүштү.


- Калыс, бул идея кайдан пайда болду?

- 2015-жылы тоодон келе жатып капчыгайдын төрүндө орун алган “Шар” шаркыратмасын көрүү үчүн бара жаткан эки туристке жолуктум. Алар менен сүйлөшүп отуруп калсам алар шаркыратмага барчу жолду билген коштоочу жана аттар болсо жакшы болот эле акчасын деле төлөп бере элек деп калышты. Ушул жерге жакшы шарт түзүп эс алуучуларды чакырып каражат тапса болот экен деген ойлорун айтып калышты. Ошондон тарта бул жерди эс алуучулардын сүйүктүү жайына айлантуу идеясы пайда болду.

- Биринчи кадамдары кандай болуп жатат?

- Кудай буюрса жаман эмес, иш башталып калды. Быйыл жазында айыл өкмөттөн капчыгайдын оозунан 5 гектар жерди ижарага алдым ошол жерге боз үйлөрү тигип алгачкы эс алуучуларды күтүп алдым. Бул жылы 65-70тей чет өлкөлүк турист келди. Айылдаштарыман аттарын 1 күнгө 1000 сомдон ижарага алып туристтерди тейлеп жаттык. Чет өлкөлүк коноктор аттардын акысы үчүн миң сомдон 2,5 миң сомго чейин төлөп жатышты. Коштоп жүрүүчү катары мени да унутушкан жок.

- Келген конокторду бул жерге кантип тартып жатасыз?

- Негизинен бул жерге бирден экиден туристтер келип жүрчү. Быйыл бизге Нарын Дестинациясы жана USAIDдин колдоосу менен, CBT Naryn уюму менен кызматташуу аркылуу жана өз тааныштарыбыз аркылуу туристтерди чакырып жаттык.

- Максат кылып жаткан идеяңызга кенен токтолсоңуз?

- Менин биринчи максатым ушул “Кайыңды” капчыгайында эс алуучуларга жакшы шарт түзүп берүү. Эс алуучуларды кызыктырган нерсе капчыгайдын төрүндө 400 метр бийик аскадан агып түшкөн шаркыратма бар. Ошол шаркыртманы көрүү үчүн татаал 7 чакырым жолду басып өтүш керек. Ошол себептен капчыгайдын оозуна баардык шарттары бар жеңил конструкциядан жазалган коттедждерди салайын деп жатам. Ошондой эле электр энегиясын алып келип, жолдорду оңдоп, мингенге жакшы аттарды камдашым керек. Бул жерди жайы-кышы дебей эс алганга боло тургандай жайга айлантса болот. Арча карагайлардын арасында лыжа жана сноуборд тепсе боло тургандай беттер бар. Ага да шарт түзүү керек.

- Каржы маселеси кандай болуп жатат?

- Албетте жогоруда айтылган иштер каражатка барып такалат. Менин эсептөөмө караганда атты ат жабдыктары менен сатып алганга 500 миң сомдой, курулушка, жол салууга электр жарыгын алып келүүгө болуп отуруп 2 млн. сом же 25 миң долларга жакын керек болуп жатат. Азыркы учурда 2 канадалык турист менен тыгыз иштешип жатабыз. Алар баардык чыгымдарды көтөрөбүз дешти. Ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүп жатам. Жергиликтүү бийлик болсо жер тилкесин бөлүп берип колдоо көргөзүүдө. Ал эми USAID коттедждер курулуп калса күн батареяларын алып беребиз деп жатышат.

Эгер жогоруда айтылган маселелер чечилип калса 2018-жылы жаз менен каарманыбыз алгачкы эс алуучуларын кабыл алып калабыз деген ойдо. Максаттары ишке ашып калса жергиликтүү эл үчүн 15-20 жумуш орду түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!