"Ден соолук" программасын тааныштырышууда

26-Сен. 2017, Шейшемби, 09:55

Бүгүн, 26-сентябрда Каракол шаарында “Ден соолук” улуттук программасынын алкагында Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан иштер жана жетишкендиктер, көйгөйлөр боюнча программаны ишке ашыруу боюнча кичи тааныштыруу иш-чарасы өтүп жатат. Ага Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев, бийлик өкүлдөрү, облус жетекчиси жана район акимдери катышууда.

“Ден соолук” долбоорунун максаты калктын саламаттыгына тийиштүү шарт түзүү, жарандын социалдык статусуна жана гендердик айырмачылыгына карабай коргоо жана ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Улуттук программада төрт багыт камтылган. Алар, жүрөк кан-тамыр оорулары, эне баланын ден соолугун коргоо, кургак учук жана ВИЧ-СПИД илдетин азайтуу.

Эскерте кетсек, буга чейин “Ден соолук” улуттук программасынын кичи обзору үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!