Ысык-Көлдөгү оорукана электрондоштурулду

26-Сен. 2017, Шейшемби, 11:16

Үстүбүздөгү жылдан тарта Ысык-Көл облусттук бириккен ооруканасы бейтаптарды электрондук тейлөөгө өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында, электрондук тейлөөгө өткөн жылдын октябрь айынан тарта даярдык иштери көрүлүп баштаган.

"Электрондук тейлөөгө былтыркы жылдан даярдык көрө баштадык. 3 ай атайын дарыгерлерди окуудан өткөрдүк. Ага 3 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ал каражатка 4 жолу тендер өткөрүп тийиштүү электрондук жабдууларды сатып алдык. Учурда Ысык-Көл облусттук бириккен ооруканасы, Ак-Суу райондук реаблитациялык борбору, Караколдогу №2 төрөт бөлүмү калкты электрондук түрдө тейлеп жатышат. Бейтаптарды алгач кабыл алууда кандай абалда ооруп келген кол менен жазуудан тышкары компьютер менен дагы жазып баштадык. Ал электрондук базага сакталат. Ар бир дарыгердин өзүнүн коду бар. Бейтаптардын маалыматы өзгөрүүсүз сакталып калат. Аны эч ким өзгөртө албайт", - деди Маанаев.

Аталган оорукананын дарыгери Гүлзада Орозбаева электрондук тейлөө тууралуу буларга токтолду.

"Ооруп келген бейтапты кабыл алууда кол менен жазып отурууга эле 30 мүнөттөй убакыт кетчү. Азыр 10 мүнөттө компьютерге жазып калдык"-деди ал.

Жакынкы күндөрү Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондорундагы бейтапканаларды электрондоштуруу пландалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин электрондоштуруу иштери өлкөнүн эки аймагында жүзөгө ашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!