Айтилла: “Биздин торт бири-бирине окшобойт”

27-Сен. 2017, Шаршемби, 12:59

Үй-бүлөсү үчүн жасалган торту Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерине жагып суроо-талап өсүп, жаңы максаттарга жетелеп жаткандыгын “Мекендеш” рубрикасынын каарманы Айтилла Асилбекова айтып берди.

Каарманыбыз ар бир жаран ден соолугуна зыян келбеген азыктарды пайдаланса жакшы болот эле деген пикирде.

“Москвага келгенимде жолдошумдан башка эч бир тааныш жок эле, жолдошум кечке жумушта болот. Үйдө өзүм зерикчүмин, тамак-аш жасоого жакын болгондуктан ошол хоббим менен алектенер элем. Үйдө бала менен отурганда теледен, интернеттен массалык өндүрүштөн чыккан азыктар тууралуу алар эмнеден жасалганын, ден соолукка кандай зыян келтирери тууралуу берүүлөрдү көрчүмүн. Ошондон улам өз үй-бүлөмө сапаттуу азыктардан өз колум менен жасаганга аракет кыла баштадым”,-дейт ал.

Ал ишинен ырахат алат

“Кийин Москвадагы кыргыз “Айым” келин-кыздардын тобуна кошулуп калдым, топтогуларга торт жасап берсем ал башкаларга жагып калды. Башкалардан суроо-талаптар пайда болду. Ошондон тарта торторду тапшырыкка жасап калдым. Москвада тортун 1 кг 2500 рублдан жасайт, а биз жаңы баштагандыктан килограммын 1000 рублдан жасап жатабыз. Негизи мен көп акча табайын деп максат койгон эмесмин, бул менин сүйүктүү хоббим, кылган жумушумдан ырахат алам. Чоң тортторду жазаган күндөрү тамактанганды унутуп курсагымдын ачканын сезбей жүрө берем. Мага бул аябай жакты, Адамдар менен таанышып, жакшылыктарына күбө болуп жүрөт экенсин”,-дейт Айтилла.

Ал тортту массалык түрдө жазабайт сан эмес сапатка карайт, сапатты сактаганга аракет кылат. Тортту тапшырык берген адамга, анын кызыгуусу боюнча жасашат, атын жазып, жакшы көргөн кошулмалары менен жасап беришет. Башкача айтканда бул торт бир гана ошол адам үчүн жасалып бири-бирине окшобойт.

Анын жасаган иши жаңы максаттарга жол ачууда

“Бул нерселерди мен жаш кезимден баштап көптөгөн журнал-китептерден, интернет тармагынан жана мастер класстардан көрүп кызыгып жүргөн нерселерим эми минтип акырындап иш жүзүнө ашып жатканы мени кубандырат. Акыркы кездерде торт жасоону үйрөтүүмдү сурангандардын саны арбып жатат. Ошондуктан буйруса мастер класс уюштурсамбы деп план тузуп жатам. Бул ар бир кыз балага керек нерсе деп ойлойм”,-деп пикирин бөлүштү биздин маектеш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!