Октябрда пенсиянын көлөмү жогорулайт

2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:51

Пенсияга орточо эсеп менен 500 сом кошулат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-октябрдан тарта республикада пенсия орточо эсеп менен 516 сомго көтөрүлүп, 5 миң 517 сомду түзөт. Жыл башында 108,6 пайызды түзсө, кошулгандан кийин 110,3 пайыз болот.

Ал эми 5 миң сомго чейин пенсия алгандардыкы 13 пайызга көтөрүлүп, 5 миңден жогору пенсияга 7 пайызга жогорулайт.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,05 индексациялоо коэффициентине жогорулатылат, бирок 240 сомдон кем эмес өлчөмдө индексация жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!