​Өкмөт башчысы оорукананын абалы менен таанышты

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:49

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы аймактык оорукананын абалы менен таанышты.

1989-жылдан бери оңдоп түзөө иштери жүргүзүлө элек балдар бөлүмү жана жугуштуу оорулар бөлүмүнун имаратынын абалы менен таанышып каражат маселесин чечүүнү тапшырды. Ошондой эле хирургия бөлүмүнүн имаратына бейтаптар үчүн лифт жана флюора аппаратын берүүнү убада кылды. Оорукананын аймагындагы оңдоого муктаж болуп калган асфальтын жаңыртууну буюрду.

Эскерте кетсек, Кочкор районунун аймактык ооруканасы райондогу 70 миң жашоочуну тейлейт жана 119 орун менен чектелген. Ооруканада баардык медициналык бөлүмдөрдү кошкондо 240 медицина кызматкери иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!