​Жыйым топтоо күнүн майрамдоо башталды

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:44

Кыргызстанда Дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн майрамдоо салтанаты старт алды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыйым топтоо ар бир жарандын ишенимдүү келечегин камсыздоодо маанилүү роль ойноо менен бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү экономикалык өнүгүшүнө таасир этет. Иш-чаранын негизги максаты жыйым топтоого үндөө жана ар бир адамда жыйым топтоо маданиятын, табитин калыптандыруу.

Аталган күнгө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында коммерциялык банктар Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассасы фондусунун эксперттери менен биргеликте бүтүндөй республика боюнча балдар жана чоңдор үчүн ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруп, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды өткөрүп, коммерциялык банктардын кеңселерине жана Улуттук банктын музейине экскурсияларды уюштурат.

Эскерте кетсек, Жыйым топтоо күнү дүйнө жүзү боюнча 1990-жылдан бери 31-октябрь күнү белгиленип келет. Республика аймагында бул иш-чара Германия аманат кассасы фондусу жана коммерциялык банктар менен биргеликте үч жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!