Каракол тоо лыжа базасы ондукка кирди

10-Окт. 2017, Шейшемби, 12:38

Каракол КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы 10 тоо лыжасы курортунун катарына кирди. Бул тууралуу Россиянын “ТурСтат” аналитикалык агенттиги кабарлады.

Аталган агенттик быйылкы кышта эс алууга ыңгайлуу жана популярдуу болгон КМШ өлкөлөрүндөгү тоо лыжа курортторун аныктады. Анда Каракол лыжа базасы 6-орунду ээлеген.

Чимганда кышкы эс алуу бир канча эсе арзан, ал эми Чимбулак баарынан кымбат деп табылган.

Кышкы эс алуунун бюджети жатакана жана тамак-ашты кошкондо Чимганда күнүнө 65 долларды түзөт, Караколдо болсо 70 доллар, Цахкадзордо 80, Силичах менен Логойскто 85, Шахдаг менен Туфандагте 90, Чимбулакта болсо күнүнө дээрдик 100 долларды түзөт.

КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы 10 тоо лыжасы курортору катары менен төмөнкүдөй орунду ээледи:

1. Шымбулак (Казакстан),

2. Шахдаг (Азербайжан),

3. Силичи (Беларусь),

4. Цахкадзор (Армения),

5. Чимган (Өзбекстан),

6. Каракол (Кыргызстан),

7. Логойск (Беларусь),

8. Туфандаг (Азербайжан),

9. Алтай альптары (Казакстан)

10. Якутия тоолору (Беларусь).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!