​Киров суу сактагычы оңдолот

18-Окт. 2017, Шаршемби, 09:52

18-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычындагы суунун баары агызылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Киров суу сактагычындагы сууну толугу менен агызуу аталган суу сактагычты оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Кышка чейин оңдоп жетишүү керек.

Маалымат катары, Киров суу сактагычы Талас облусунун Кара-Буура районун жана Казакстандын Жамбыл облусун суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагычтын суусунун 12 пайызын Кыргызстан пайдаланат. Ал эми калган бөлүгү келишимге ылайык Казакстанга кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!