Өлкөдө жумушсуздардын саны 84 миңди түзөт

18-02-2017

Жумушка орноштуруу кызматынын каттоосунда турган жумушсуздардын саны 84,1 миңди түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиясында айтылды.

2016-жылы расмий жумушсуздардын саны 2015-жылдагы деңгээлде сакталган. Учурда расмий жумушсуздардын саны 55,5 миң, бул жумушка жарамдуу активдүү калктын 2,2 пайызына барабар. Өткөн жылы Жумушка орноштуруу кызматына 195,4 миң жаран кайрылган, анын 114,3 миңи кайрадан окуу жана адистик кесипке окуу боюнча кеңеш алышкан. Ал эми 45,6 миң жаран жумуш менен камсыз болгон.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!