Жылытууга 3,1 млрд. сом жумшалат

19-Окт. 2017, Бейшемби, 13:05

Үстүбүздөгү жылы күз-кыш айларындагы жылытуу иштерине жалпы 3 млрд. 109,5 млн. сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 9 айында жылытуу иштерине жалпы 2 млрд. 544,5 млн. сом каралган. Бирок 1-октябрга карата жылытуу иштерине 2 млрд. 404 млн. сом жумшалган. Жылытуу иштерин каржылоо 120,3 млн. сомго толук аткарылган эмес.

Жылытууга жумшалган 2,4 млрд. сомдун:

- 1 млрд. 141,2 млн. сому жылуулук энергиясын субсидиялоого кеткен. Анын 1 млрд. 127 млн. сому “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканага берилсе, ал эми “Ош жылуулук” ишканасына 145 млн. сому жумшалган.

- коммуналдык кызматтарга 901 млн сом,

- бийик тоолуу аймактардагы электр энергиясын колдонуучуларга болгон компенсацияга 138,8 млн. сом,

- көмүр жана башка отун үчүн 91,8 млн сом керектелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!