​Казакстанда 700гө жакын кыргызстандык жоопко тартылды

19-Окт. 2017, Бейшемби, 17:52

10-октябрдан бери Казакстанда 700 кыргызстандык жаран миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу "Tengrinews.kz" агенттигине Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаев билдирди.

Анын айтымында 10-сентябрдан 1-декабрга чейин пландуу текшерүүнүн алкагында полиция үйлөрдү кыдырат.

“9-18-октябрдын аралыгында 28 административдик мыйзам бузуу түзүлдү. Андан тышкары 518 үй-бүлөлүк тиричилик мамилеси боюнча, 1 миң 300 майда тентектик боюнча акт жазылды. 5 миңдей жаран жашаган жеринде туруктуу же убактылуу катталуу эрежесин бузган. Анын ичинен 3 миң 778 Казакстандын жараны, 1 миң 647 чет элдик жарандар. 701и Өзбекстандын, кыргызстандык жарандардын саны 685, 71и Россиянын жана 27си Тажикстандын жана 163ү башка мамлекеттердин жарандары”,-дейт Садубаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!