Транспортторго накталай эмес төлөм системасы киргизилет

25-01-2017

Мэрия Бишкек мэриясы коомдук транспортторго накталай эмес төлөм системасын киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Бишекек шаарынын вице-мэри

Геннадий Милицкий билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын жашоочулары мүмкүн быйыл жол кире акысын транспорт төлөм картасы менен төлөп калышы мүмкүн.

“Учурда биз электрондук билеттөө ситемасын киргизүү долбоору боюнча иштеп жатабыз. Бул карталар Россиянын шаарларында колдонулуп жаткан карталаргдын үлүгүсүндө болот. Бул система качан кирип калары азырынча айтуу кыйын. Бирок жылдын айгына чейин киргизүүнү пландап жатабыз. Бул долбоорду ишке ашырууда шаардын бюджетине кедергисин тийгизбейт. Инвесторлордун каражаты менен ишке ашат. Башкача айтканда системанын качан ишке кире тургандыгы колдоочулардын табылышына жара болот. Бул системанын ишке кириши тууралуу жүргүнчүлөргө алдын ала эскертилет”,-дейт Милицкий.

Мэриянын билдиргени боюнча, төлөм карталардын бир жолку, көп жолку жана такай колдонула турган түрлөрү болот. Биринчи этапта троллейбус жана автобустарга киргизилет.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!