Бишкектин айрым жеринде жарык өчүрүлөт

24-Окт. 2017, Шейшемби, 10:37

Бишкек шаарынын айрым конуштарында бүгүн, саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААК басма-сөз кызматы билдирди.

Дордой-2, Энесай жана Келечек конуштарында жарык берүүнү токтотуу 220/110/10 киловатт “Башкы” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу.

“Түндүкэлектр” ААКсы абоненттерден келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

220/110/10 киловатт “Башкы” көмөкчордону Ленин айылында жайгашкан системалар аралык көмөк чордон. Анын жалпы аянты 9 гектар. Борбор шаардын түндүк бөлүгүн электр жарыгы менен камсыздайт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!