​Өрт эки адамдын өмүрүн алды

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:50

Бишкек шаарында чыккан өрттөн эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт Баетов көчөсүндө болгон. Өрт болгон жерде 44 жаштагы М.Э. аттуу эркектин жана 30-35 жаштардагы Вика аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Өрт чылым чегүүдө өрт коопсуздугун сактабагандыктан улам келип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!