​Жаш келин өз жанын кыйган

31-Окт. 2017, Шейшемби, 11:57

20 жаштагы келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай шаарында келин күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин уксус ичип алган. Келиндин эгиз кыздары калды. Күйөөсүнө «өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголуп, камакка алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!