​Бишкек шаарына жаңы троллейбустар келет

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:56

Бишкек шаарына Саратовдон 37 троллейбус келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, октябрь айында Саратовдун “Тролза” компаниясы менен Европа өнүктүрүү банкы Бишкек шаарына троллейбус жеткирүү боюнча жалпы 4,95 млн. еврого келишим түздү.

Бишкек шаарынын электр транспортун жаңыртуу долбоору Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда ишке ашырылууда. Буга чейин ушул эле жол менен Ош шаарына 23 троллейбус алынган.

Эскерте кетсек, 2013-жылыда Борбор калаага аталган банктын көмөгү менен 44 троллейбус алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!