​Ош шаарында дубал 3 адамды басып калды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:24

Ош шаарында бүгүн Памир көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалы кулап, 3 адамды басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алган. Кырсык болгон жерге саат 12 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы полковник Нурлан Баймуратовдун жетекчилигинде Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышкан.

Учурда кырсыктын себеби жана каза болгондор менен жабыркаган жарандын аты-жөнү такталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!