2016-жылы Бишкек шаары боюнча айлык акынын орточо көлөмү 18 миң 146,1 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Эрнис Зарлыков 2016-жылдын социалдык-экономикалык жыйытыгы боюча жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы номиналдуу айлык акы 2015-жылга салыштырганда 8 пайызга өскөн. Ошондой эле калктын жашоо минимуму жан башына алганда 4 миң 818,82 сомду түздү.
Ал эми өткөн жылы Бишкек шаарында 10 миң 593 иш ооруну түзүлгөн. 9 миң жаран жумуш менен камсыз болду.
Бекхан Асанов