​Бишкекте эки кабат үй, унаалар күйүп кетти

3-Ноя. 2017, Жума, 11:35

3-ноябрга караган түнү Бишкек шаарында эки кабат турак үй жана 3 унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Люксембург жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып үй жана “Спринтер”, “Жигули” жана “УАЗ” унаалары күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон жок.

Өрт түнкү саат 2:30 чамасында токтотулуп, эртең мененки саат 7де толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!