​4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүлөт

3-Ноя. 2017, Жума, 16:20

4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөп:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19° жылуу,

Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 6…11° жылуу,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

6-7-ноябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!