Аялдын орду үйдөбү же ак үйдөбү?

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:04

Кыргыз коомчулугуна Бабур Төлбаев деген ысым меценант катары таанымал. Ал “Мөл булак” кичи кредиттик компаниянын жетекчиси. Жакында эле анын кыргыз аялдары тууралуу билдирүүсү коомчулукта катуу талкууланып, аны жактагандар менен кайчы пикир айткандар ортосундагы кайым айтышууга тамызгы болду.

Жоомарттыгы менен таанылган белгилүү ишкер Бабур Төлбаев “Раз на раз” (Жекеме-жеке) берүүсүнө маек берип жатып, лидерликке умтулган аялдарды “хренге”, феминизмди “террорчулука” теңеген.

Ал аялдарды сыйлап, кам көрүшү керектигин, ошол эле учурда аялдар жогорку билим алууга, лидерликке умтулбастан, үйдө олтурушу керектигин эскерткен.

Биз Төлбаевдин жогоруда аталган маегинен үзүндү келтиребиз.

“Аялдардын көбү супербизнесвумен, лидер болгусу келет. Мунун баары хрень, кечиресиз. Феминизм - террорчулук, бул радикалдашуунун бир түрү деп айтууга болот. Аялзатына сөзсүз жогорку билим алуунун кереги жок. Көбүрөөк бала төрөш үчүн 30га чейин күйөгө чыкканы жакшы. Ошондуктан кыз үчүн эң сонун МВА (бизнести башкаруу боюнча магистр даражасы) - бул күйөөгө тийип, үйдү, балдарды жана күйөөсүн кароо. Бир да МВА мындай жөндөмдү бере албайт”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!