​Жол кырсыгы 6 адамдын өмүрүн алды

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:29

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыктарынан 6 адам каза болуп, 3өө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрда эртең мененки саат 6да Бишкек-Ош жолунда “Тойота” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа аласалып кеткен. кырсыктан улам тажикстандык эки жаран окуя болгон жерде каза болгон, дагы эки экөө жеңил жаракат алган.

Ошондой эле 9-ноябрда саат 11:00дөр чамасында Кара-Жыгач айылына жакын жерде болгон. Анда жеңил унаа менен “КамАЗ” кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 жаран каза болгон. Алар Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын тургундары. Ал эми дагы бир жаран ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыктары боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!