​Унаалар кагышып 4 адамдын өмүрүн алды

10-Ноя. 2017, Жума, 09:38

Токтогул районунда унаалардын кагылышуусунан 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жол кырсыгы 9-ноябрда болжол менен эртең менен саат 7:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 321-чакырымында болгон. Кырсыкка “Mercedes” унаасынын айдоочусунун рулду башкара албай калышы себеп болгон. Аталган унаа “Volvo” унаасы менен кагылышкан.

“Mercedes” унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден жан берген. Дагы үч жаран Токтогул райондук ооруканасынан каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!