Көчкүдөн жапа чеккендерге цемент жеткирилди

10-Ноя. 2017, Жума, 09:58

Ош облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 2017-жылдын 22-июнунан 8-ноябрына карата жалпы 1 миң 792 тонна цемент жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен турак жайлары жабыркагандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Жарандарга жеңилдик кылуу максатында, 2017-жылдын 9-ноябрында Араван цемент заводунан ӨКМнин Өзгөчө кырдаалга чара көрүү түштүк борборунун жүк ташуучу унаасына 20 тонна цемент жеткирилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!