​Опузалап акча алган милиция кармалды

10-Ноя. 2017, Жума, 10:39

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын оперативдүү кызматкери опузалап акча алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин баасма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына А.О. аттуу жаран аталган кызматкерге чара көрүү боюнча кайрылган. Анын айтымында аталган милиция кызматкери 28-октябрда Ош шаарынын Ленин жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишинде аталган жарандын унаасын токтотуп эч себепсиз анын унаасын камап салган. Андан кийин унаанын ачкычын жана унаанын каттоо күбөлүгүн алып, унаанын ээсинен 300 доллар суммасында акча опузалай баштаган.

Оперативдик иликтөөнүн жыйынтыгында 9-ноябрда аталган кызматкер милициянын лейтенанты Э.А. 10 миң сом өлчөмүндө акча алгандан кийин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!