​Эки окуучу кыз изделүүдө

10-Ноя. 2017, Жума, 12:39

Бишкекте эки окуучу кыз изделүүдө. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка карганда: № 28 мектепте окуган 2004-жылы туулган Сезим Тургуналиева жана 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза 9-ноябрда мектепке кеткен бойдон кайра келишкен эмес.

Сезимдин бою 155-158 сантиметр,чачы узун жана күрөң түстө, кара пальто жана юбка кийген.

Азизанын бою 155-160 сантиметр, чачы күрөң түстө, кара юбка жана ток көк түстөгү күрмө кийген.

ИИМдин билдирүүсүндө, кыздар бир класста окушат жана курбу. Алар 9-ноябрда мектепке келген эмес. Алардын акыркы жолу күндүзү саат 2.45те Горький жана Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги VEFA-борбордон көрүшкөн күбөлөр бар.

Көргөндөр жана кыздар боюнча кандайдыр бир маалыматтарды билгендер болсо, төмөнкү телефон номурларына кабарлап коюуну суранышат: 0704900580, 0709 681 019, 0772 669 424, 0312 56 60 43, 102

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!