Экстремисттик кыймылдын жетекчиси кармалды

10-Ноя. 2017, Жума, 15:41

Кыргызстанда “Инкар-Йакын” экстремисттик агымынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы К.Н 20-октябрда Беловодское айылындагы мечиттердин биринде “Инкар-Йакын” агымынын курултайында кармалган. Ал Индия жана Бангладешке барып, агымдын жылдык жыйындарына катышып келген.

Аталган жаран 2003-жылдан бери бул агымдын аалымдарынын китептерин кыргыз тилине которуп баштаган. Ал жалпы 20дай китепти которгон. Ал муфтиятты “Таблиг жамаат” кыймылынын саясаттанышына каршы сын-пикир айтып келген. Анын эки аялы, 12 баласы бар. “Инкар-Йакын” кыймылынын өкүлдөрүнүн балдары мектепке барышпайт, эмдөөдөн өтпөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!