​Айдоочулук күбөлүк алуу татаалдаштырылат

11-Ноя. 2017, Ишемби, 09:47

Өкмөт башчы Сапар Исаков айдоочулук күбөлүк берүүнү бирдиктүү тестирлөө борборун түзүү жолу менен күчтөндүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөт башчы өкмөттүн жол кырсыктары тууралуу чукул жыйынында айтты.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы менен Ички иштер министрлиги бирдиктүү тестирлөө борборун түзүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышы керек.

“Жарандар айдоочулук күбөлүктү тест тапшырган соң бир жерден ала алгандай кылуу зарыл. Мындай борборлорду Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда түзүүгө болот. Ошону менен бирге тесттин 500дөн ашык түрү болушу кажет. Себеби жарандар аларга кандай варианты туш келерин билбеши керек. Аталган борбордо видеокөзөмөл орнотулуп, айдоочулук күбөлүгүн алуу сынагы учурунда адам фактору болбогону жакшы. Ошондой эле айдоочулук күбөлүгүн сатып алууга каршы укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл. Автомектепти окуп бүтүргөн айдоочу экзаменге катышып, 20дан кем эмес суроого жооп бериши шарт. Мунун баарын тезинен аткаруу керек”, - дейт Исаков.

Ошондой эле өлкөдөгү авто мектептердин абалына кызыккан өкмөт башчы эки жуманын ичинде бул документти иштеп чыгып, айдоочулук күбөлүк берүүгө укуктуу автомектептерди талдап чыгууну тапшырды. Ал бардык эле автомектептер талапка жооп береринен күмөнү бар экенин кошумчалады.

Маалымат катары, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда өлкөдө жалпы 223 автомектеп бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!