Ноябрдагы жол кырсыктары 42 адамдын өмүрүн кыйды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 10:05

9 күндүн ичинде жол кырсыгынан 42 жаран каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн жол кырсыктары тууралуу чукул жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында бул көрсөткүчтөр коомдо резонансты жаратууда.

“1-9-ноябрь аралыгында өлкө боюнча 42 адамдын өмүрүн алган 208 жол кырсыгы катталган. Ошону менен бирге 301 жаран жаракат алган. Ал эми 2017-жылдын 10 айындагы жыйынтык боюнча Кыргызстанда 5 миң 197 жол кырсыгы катталып, андан 95 адам каза боло, 7 миң 839 адам жабыркаган. Бул көрсөткүчтө өткөн жылга салыштырмалуу каза болгондордун саны 8,3 пайызга өскөн”,-дейт Исаков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!