​Нарын-Оруктам унаа жолу жабылды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 12:24

Нарын-Оруктам автоунаа жолу жазга чейин жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Нарын-Оруктам автоунаа жолу 2018-жылдын 10-апрелинде ачылат. Жолдун жабылуусуна 45-75-чакырымында кар көчкү жүрүү коркунучу себеп болду. Оруктам айылына Сары-Булак - Кара-Кужур жолу аркылуу кирүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!