​Алименттен качсаң унаа айдоого укугуң жок

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:53

Алименттен качкан жарандарга унаа башкарууга тыюу салуу сунушталып жатат. Бул тууралуу коомдук талкууга чыгарылган “Соттук чечимди аткаруучулардын макамы жана аткаруу өндүрүшү” жөнүндөгү мыйзам долбоорунда сунушталган.

Мыйзам долбооруна ылайык алимент төлөөдөн качкан жарандарга чет өлкөгө чыгууга, аңчылыкка жана унаа башкарууга тыюу салуу сунушталат.

Чектөөлөр соттун чечимин аткаргандан кийин гана алынып салынат.

Эгер жаран унаа айдап жан бакса, же майыптыгынан улам транспорт колдонсо жана карыздын көлөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн (миң сомдон) ашпаса ага чара көрүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!