Депутат: дарыны эл аралык уюмдардан алган арзан

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:22

Дары каражаттарын эл аралык уюмдар аркылуу сатып алуу дары-дармектин баасынын арзандашына жол ачат. Бул тууралуу эл өкулу Альфия Самигуллина маалымат жыйынында билдирди.

Дары каражаттарын эл аралык уюмдар аркылуу сатып алуу дары-дармектин баасы калк үчүн бир нече эсе арзан болушуна түрткү болот. “Мамлекеттик сатып алуулар” боюнча мыйзам долбооруна ушуга ылайык өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле медициналык мекемелердин алдында иш алып баруучу кам көрүүчү кеңештерди түзүү демилгеленип жатат. Ал калк менен иштешүүнү жеңилдетет”,-дейт Самигуллина.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айбар Султангазыев Казакстанда дары каражаттарын эл аралык уюмдары аркылуу сатып алууда дарылардын наркы 2 эсе аразандаганын айтты.

Эгер статистиканы карап көрсөк калктын чыгымынын көпчүлүк бөлүгү дары сатып алууга кетет. Мамлекет да, Саламаттыкты сактоо министрлиги да дары каражаттарынын баасын төмөндөтүү багытында көптөгөн иштерди жүргүзүп жатат”,-деп кошумчалап кетти Султангазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!