Шаршенбаев: Коррупция инвесторго тоскоол болот

25-01-2017

Кыргызстан 28 упай менен коррупциялык көрүнүштөр күч алган өлкөлөрдүн катарында калды. Бул тууралуу “Транспаренси Интернешнл Кыргызстан” уюмунун төрагасы Адылбек Шаршенбаев билдирди.

Бул жылы бул рейтинкке 176 өлкө кирген. Берилген баллдар өлкөнүн тармактарындагы коррупциянын өздөштүрүлүшүн чагылдырып турат.

Бул индекс эл аралык уюмдардын чыгарган анализинин негизинде эсетелет. Кыргызстан боюнча “Беттельман фонду”, ”Дүйнөлүк банк”, “Фридом Хаус” жана башка уюдары тарабынан изилденген.

“Бул ирет Кыргызстан 28 упай алып 136-орунду ээлеген. Ал эми 2015-жылы 123 орнда болгон. Бирок жыйынтыктагы көрсөткүч боюнча өлкөнүн позициясы өз оордунда калды. Негизги көрсөткүч орун эмес, алган упай. Кыргызстан 28 упай менен коррупциялык көрүнүштөр күч алган өлкөлөрдүн катарында калды. Бул инвестордун иштешине көп тоскоол бар экинен кабар берет”,-дейт Шаршенбаев.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!