“Түбөлүк муздар” ордунан жылабы?

17-Ноя. 2017, Жума, 10:23

Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында өкмөт сунуштаган “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү “ооба”, 22 депутат “каршы” добуш берди.

Өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорунун максаты – Кумтөр алтын кенинде жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, жок болуп калгандыгы себептүү, алар жайгашкан жерде кен казууга уруксат берүү болчу. Эгерде документ расмий күчүнө кире турган болсо, канадалык компания жогоруда аталган эки мөңгүнүн ордунда кен казуу иштерин жүргүзөт.

Өкмөттүн жүйөсүндө “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдүн киргизилиши “Кумтөр” алтын кенин тынымсыз иштетүүгө жол ачат. Жогорку Кеңештин депутаттарынан мыйзам долбоорун колдоону суранган вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “түбөлүк муздар” эрип жок болуп бараткандыгына байланыштуу, мыйзам аркылуу аларды которуу жолу менен “сактап калууга” мүмкүн экенин кыйытты.

Ушул тапта «Давыдов» мөңгүсүнүн 45-50 пайызы, «Лысый» мөӊгүсүнүн 10 пайызы казылган карьер алкагына тушташ жайгашып калган. Эми ошолорду башка жерге көчүрүп, "Кумтөрдүн" ишин улантууга уруксат берүү зарылдыгы жаралууда. Биз деле элге жаман көрүнгүбүз келбейт. Мөңгүлөрдүн биринде 20, экинчисинде 70 пайыз муз жок болуп кеткени аныкталды. Эки мөңгү ылдыйды көздөй жылууда. Эгерде, аларды көчүрбөсө, кен казылып жаткан аймакты басып калышы ыктымал”,-деди Зилалиев.

Деген менен өкмөттүн бул жүйөсүнө ишенгендер саналуу эле.

Парламенттеги депутат Жанар Акаев сөз болуп жаткан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн сырткары кендин айланасындагы Сары-Төр мөңгүсү да эрип баратканын белгилеп, “мөңгүлөрдү көчүрүү” өнөкөткө айланып кетерине шек жок экенин эскертти.

“Эртең эми башка инвестор келип, мөңгү бизде да эрип баштады, “Центеррага” уруксат бергендей, бизге да уруксат бергиле десе, өкмөт дагы келеби? Бул өнөкөт болуп калат, анткени парламентте көпчүлүк айбат кылышы керек болчу”,-деди эл өкүлү Акаев.

Жогорку Кеңеште айткан сөзү менен берген добушу эки башка депутаттар да болду. Эл өкүлү Сайдулла Нышанов буга чейин кендеги кызматкерлер менен жолугушканда, каршы добуш берерин алдын-ала айтканы менен расмий добуш берүүгө келгенде баш ийкеп тим болду. Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков маселе каралып жаткан учурда “эл душманы” болгусу келбей жатканын айтып бүтпөй жатып, добуш берүүгө келгенде “макул” деди.

Өкмөт мыйзам долбоорун сунуштап, парламенттин тармактык комитеттеринде талкуулангандан тарта коомчулукта мөңгүлөрдү жылдырууга каршы болгон топтор байма-бай нааразычылык акцияларын уюштуруп, ал тургай өкмөт өкүлдөрү менен мөңгү жайгашкан аймакка да барып келишкен. Кен казууга уруксат берилсе, мөңгүлөрдөн биротоло кол жууйбуз деген чакырыкты таштап, депутаттардан мыйзам долбоорун колдообону талап кылышкан.

Депутаттар ак үй ичинде мыйзам долбоорун кабыл алып жатканда, сыртта жарандык активисттер эл өкүлдөрүн “акылга келүүгө” чакырып, бош чаканы көтөрүп алышып, мөңгүдөн кол жуусак, сууга зар болобуз деген таризде чакырык таштап турушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!