“28 илмек”: кичинекей клубдун чоң жылуулугу

17-Ноя. 2017, Жума, 11:30

“28 илмек” деген символикалык ат менен мындан бир жыл мурда кайрымдуулук клубу түптөлгөн. Демилгечилер ара төрөлгөн балдардын батыраак торолуп кетүүсүнө кам көрүү үчүн ымыркайларга жүндөн токулган кийимдерди белекке беришет. Бүгүн, 17-ноябрь – ара төрөлгөн балдардын күнүнө карата ымыркайларга сүйүү, жылуулук, мээрим тартуулап келе жаткан клуб тууралуу материалды сунуш кылабыз.

Аталган клубдун ыктыярчысы Мээрим Асылбекова клубдун аты эмне үчүн “28 илмек” деп аталып калгандыгынан баштап, бир жыл ичинде канча ымыркайга жылуу мээрим тартуулашканын баяндап берди.

Анын айтымында, кичинекей байпакты колго түйүү үчүн шишке 28 илмек илип алуу керек. Ыктыярчылар бир жылдын ичинде миңге жакын ымыркайга колго токулган кийим-кечелерди белекке беришкен. Алар ымыркайга байпактан баштап чыптама, топу жана көрпөчөгө (плед) чейинки зарыл болгон буюмдарды тартуулашкан.

Анткени ара төрөлгөн баланын салмагы аз болгондуктан жылуулукту сактай албайт. Ошол себептүү кувезге жаткырылат. Ушул учурда нукура жүндөн токулган кийим-кечелер наристени жылуу кармоого өбөлгө болот. Бул турмуштук практика ата-бабаларыбыздын турмушунда да кеңири колдонулуп келгени белгилүү. Ара төрөлгөн баланы калпакка, тумакка салып, боз үйдө керегинин башына илип койгон. Бул ыкманын пайдалуулугун заманбап медицина да далилдеди.

“Биздин клубдун негизги максаты – ара төрөлгөн балдардын ден соолугун чыңдоого карата дарыгерлердин аракеттерине жардам берүү. Жүндөн токулган кийимдердин балдарга пайдасы чоң. Биринчиден, жылуулук берет. Ымыркайлардын терисинде май жок болгондуктан денесинин жылуулугун сактай алышпайт. Жүн булалары наристенин бутуна тийип, тамандагы рефлектордук зоналарга табигый массаж жасалат. Жүн башка материалдарга караганда нымды алты эсе ылдам соруп алат экен. Абаны жакшы өткөрөт”,-деди Мээрим.

Азырынча клубда активдүү 20 мүчө бар. Кез-кезгенде катышкан ыктыярчыларды кошкондо жалпы саны 50гө жетет. Тилекке каршы, наристелерге жылуу мээрим тартуулоо демилгесин колдогондор анчалык деле көп эмес. Ыктыярчылар жипти өз каражатына сатып алышат. Кээде кайрымдуу адамдар жип сатып алууга материалдык жардам беришет.

Жай мезгилинде каражат топтоо үчүн кайрымдуулук бильярд турнири уюштурулду. Учурда ЮНИСЕФ уюму тарабынан бизге жардам берилди. Учурдан пайдаланып бардык кайдыгер эмес жарандарга кайрылам: биздин катарга кошулгула. Өлкөбүздүн аймактарында иш алып барам дегендерге жардам беребиз”,-деди.

“28 илмек” клубунун ыктыярчыларынын ар биринин сүйүктүү кесиби бар. Болгону алар бош убактысын хобби менен алектенүүгө арнашат. Алар айына эки ирет жолугушуп, аткарган иштерин талкуулап турушат.

“ Бизде ар кандай кесиптин ээлери: юрист, экономист, журналист, студент, пенсионерлер бар. Мисалы мен - мугалиммин. Бош убактыбызды биз ушинтип кичинекей балдарга жардам берүүгө арнайбыз”,-деди Мээрим.

“28 илмек” клубу – бул эл аралык кыймыл. Учурда 17 мамлекетте өкүлчүлүгү бар. Уюштуруучусу беш жыл мурда Казакстанда биринчи клубду ачкан.

Балким, Сиз дагы колго кийим токууга жөндөмдүү болсоңуз, бул долбоорго катышсаңыз болот. Эгерде түйгөндү билбесеңиз, клубдагы ыктыярчылар үйрөтүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!