​Газдын көрсөткүчүн СМС аркылуу жөнөтө аласыз

17-Ноя. 2017, Жума, 11:31

Мындан ары Кыргызстандыктар газ эсептегичинин көрсөткүчүн СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн “Газпром Кыргызстан” компаниясы ушул мүмкүнчүлүктү түзүүдө.

Газ эсептегичинин көрсөткүчүн 0 701 68 07 07 номерине жиберүү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!