Жолдун сапатын текшерүүчү лаборатория алынды

18-Ноя. 2017, Ишемби, 11:46

Транспорт жана жолдор министрлиги жолдордун сапатын текшерүүчү унаа лабораториясын сатып алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сатып алынган лаборатория унаа жолдорунун сапатын текшерип жана паспорттоштурууга ылайыкташылган. Учурда лаборатория Сокулук айылында орун алып өндүрүүчүлөр жабдыктарын чогултуп орнотуу иштерин жүргүзүп жатат. Лаборатория Mercedes-Benz унаасында жайгаштырылып керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!