Токиодо жаңырган кыргыз ырлары

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:31

Токиодо Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын менен Япониянын дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына карата кыргыз маданиятынын жумалыгы өтүүдө. «Кыргыз көчмөн дүйнөсү» аталышындагы концерт коюлду. Анда «Ордо-Сахна» фольклордун тобу, ырчы Гүлзада Рыскулова, манасчы Камил Мамадалиев талантын тартуулашты.

Концерт жана тааныштыруу лекциялары Токионун бир катар университеттеринде өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!