Манасчынын мааракеси ЮНЕСКОнун календарында

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 17:12

Манасчы Сагымбай Орозбаковдун мааракеси ЮНЕСКОнун белгилүү даталар календарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз республикасынын ЮНЕСКО иштери боюунча улуттук комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 39-сессиясынын алкагында 2018-2019-жылдардагы белгилүү даталар календарынын тизмесине манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси киргизилген.

Белгилүү даталар боюнча календарынын тизмеси 2 жылда бир түзүлөт. Аталган тизмеге уюмга мүчө өлкөлөр өздөрүнүн тарыхый окуяларга жана маданият билим берүү илим жаатындагы белгилүү инсандарга тиешелүү даталарды сунуштай алышат.

2018-2019-жылдардагы белгилүү даталар тизмесине Леонардо да Винчинин 500 жылдыгы, Иван Тургеневдин 200 жылдыгы жана Нельсон Манделанын 100 жылдык маарекелери киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!